ТҮРК КЕҢЕШИ ЭККМК коррупция менен күрөш эсебине 6 млн. сомдон ашык каражат которду

13:21 01.10.2018
56421469437837_big_730x0.730x0.jpg

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (ЭККМК) коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке 6 млн. 575 миң 268 сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Бардыгы болуп ЭККМК 172 млн. 659 миң.903 сом которгон.

"Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтом Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган процедураларды эске алуу менен кабыл алынган. Документке ылайык, эсеп казналык тутумда акчалай каражаттарды эсепке алуу жана топтоо үчүн ачылат.

Тег: Өкмөт

Яндекс.Метрика