ТҮРКСОЙ 2018-жылды Айтматов жылы деп жарыялады

12:00 07.12.2017
2017-12-07_15-28-47.png

Мындай чечим Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Казакстандын Түркстан шаарында өткөн 35-жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу жыйынга катышып келген Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов кабарлады. Анын айтымында, 2018-жыл ичинде ТҮРКСОЙдун колдоосу менен бул уюмга кирген өлкөлөрдө Чыңгыз Айтматовго арналган көптөгөн иш-чаралар өтмөкчү.

Бул жыйында Кыргызстан ТҮРКСОЙдун баш катчысын шайлоого жана анын кызмат мөөнөтүнө байланыштуу уюмдун келишимине өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылды. Атап айтканда, кыргыз тарап бир эле өлкөнүн өкүлү баш катчынын кызматын катары менен көп жолу ээлеп турушун алгылыксыз деп эсептей тургандыгын билдирди. Талкуулардан кийин Кыргызстандын сунушун изилдеп, аны 2018-жылы боло турган жыйынга алып чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлмөк болду.

ТҮРКСОЙдун баш катчысынын кызматын 2008-жылдан бери Дүйсен Касеинов (Казакстан) ээлеп келатат. Бул жолу дагы ал көпчүлүк добуш менен кийинки мөөнөткө шайланды. Кыргызстан ага каршы добуш берди.

2018-жылы 25 жылдык маарекесин белгилегени турган ТҮРКСОЙ Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Түркмөнстан сыяктуу түрк тилдүү өлкөлөрдүн башын кошуп турат.

”Түрк элдеринин жалпы материалдык жана маданий эстеликтерин сактоо, өнүктүрүү жана келечек муундарга өткөрүп берүү үчүн түрк элдеринин кызматташтыгын” бул уюм өзүнүн башкы максаты катары жарыялаган.

Тег: Окуялар

Яндекс.Метрика