Түштүк Кореяда мыйзамсыз КР мигранттарынын саны азайды

13:05 20.03.2018
Screenshot_3.png

 Түштүк Кореяда Кыргызстандан барган мыйзымсыз мигранттардын саны 100ден 600 адамге чейин кыскарды. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинен кабарлашты.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Корея Республикасында бардыгы болуп дээрлик 6 миң КР жараны жашайт, мурдагы маалыматтарга салыштырмалуу бул сандар өскөндүгү байкалат.

“Ошол эле убакта мыйзамсыз мигранттардын да саны азайгандгы байкалат. Эгерде 2017-жылда алардын саны 1000 болсо, учурда 600гө жакын адам”,-деп билдиришти ведомстводон.

Маалыматка ылайык, Элчилик эки өлкө ортосундагы достук мамилени бекемдөо максатында келечекте да жарандардын чет жакта жүрүу эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Тег: Коом

Яндекс.Метрика