Ташкент-Бишкек-Ташкент авикаттамдары көбөйтүлөт

12:00 25.05.2018
a320_bishkek_730x0.730x0.jpg

Өзбекстандын улуттук «Узбекистон хаво йуллари» авиакомпаниясы 4-июндан тарта Ташкент-Бишкек-Ташкент боюнча учуу каттамдарын көбөйтүүдө. Бул тууралуу өзбек авиакомпаниясынын маалыматтык кызматынан билдиришти.

Үчүнчү каттам дүйшөмбү күндөрү заманбап Эйрбас-320 учагында төмөнкү тартип боюнча каттайт: HY-779 Ташкент 06:55 – Бишкек 09:10; HY-780 Бишкек 10:30 – Ташкент 10:50 (жергиликтүү убакыт боюнча).

Тег: Орто Азия

Яндекс.Метрика