"Тажик Эйр" авиакомпаниясынын учагы чукул конууга мажбур болду

17:04 02.07.2018
6ff6cb9e-1e92-4fe3-b17d-e56da933a9e7_cx4_cy5_cw93_w1023_r1_s.730x0.jpg

Москвадан Худжанд шаарына учуп бараткан "Тажик Эйр" компаниясынын учагы шашылыш түрдө "Домодедово" аэропортуна конууга аргасыз болду.

Авиакомпаниянын маалымат кызматы билдиргендей, 2-июлда Boeing‐737 жүргүнчү учагы салондо жылчыктын пайда болушунан улам, аэропортко кайрылып келүүгө аргасыз болгон.

Орусиялык ММКлар учак Рязандын үстүндө учуп баратканда салондо жылчык пайда болгонун жазышты. Бортто 141 киши отурган. Жүргүнчүлөр жабыркаган жок.

"Экипаж аэропортко кайтып келүү чечимин кабыл алган. Белгилүү бир өлчөмдө күйүүчү май коротуу менен учак “Домодедово” аэропортуна ийгиликтүү конду", - деп билдирди Худжанд эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Юсуф Маюсуфов.

Тажикстандын «Сомон Эйр» жана «Таджик Эйр» ири авиакомпанияларынын паркында америкалык Boeing жана орусиялык ТУ учактары бар.


Яндекс.Метрика