Трамп менен Путин Сирия боюнча биргелешкен билдирүүгө кол койду

16:01 11.11.2017
Screenshot_16.png
Дональд Трамп жана Владимир Путин Вьетнамдагы саммитте

Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШ президенти Дональд Трамп Сириядагы “Ислам мамлекети” террористтик тобу менен биргелешип күрөшүүнү арттыра берүүгө багытталган билдирүү менен чыгышты.

Бул биргелешкен билдирүүгө Вьетнамдагы Азия-Тынч океан өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын саммитинде кол коюлду.

Эки лидер Сириянын аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын колдоого аларын билдиришти. Путин менен Трамп Сирия чатагы аскердик жол менен эмес, Женева процессинин алкагында чечилиши керектигине токтолушту.

Тег: Саясат

Яндекс.Метрика