Туристтер үчүн эс алууга эң арзан шаарлар аталды

18:13 17.02.2017

Туристтер үчүн эс алууга эң арзан шаарлар аталды. Тизменин сап башында Болгариянын ордо калаасы София шаары жайгашты. Бир күн эс алуу бул жерде болгону 48 долларга айланат.

Бул суммага мейманкана, тамак-аш, такси менен жүрүү жана көңүл-ачуу программалары кирет. Экинчи орунда Каир турат. Бул жерде эс алгандарга 1 күндө 49 доллар жетиштүү. Үчилтикти Испаниянын Картахена шаары бекитет – анда эс алууга 50 доллар жетет. Тизмеде ошондой эле Бухарест жана Анталья шаарлары бар.


Теги: Туризм, Экономика, Рейтинг


Элдик кабарчы

Яндекс.Метрика