УКМК: Атайын эсепке кезектеги акча төлөмдөрү которулду

10:00 14.08.2018
1477472218_08916300_730x0.730x0.png

Атайын эсепке кезектеги акча төлөмдөрү которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) басм сөз кызматы билдирет.

"2018-жылдын 10-августунда КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык КР Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү 2,15 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду", - деп айтылат маалыматта.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 141, 604 млн. сомду түздү.

Тег: Өкмөт

Яндекс.Метрика