Улуттук банк бир аптада үч жолу доллар сатты

11:05 14.11.2017
2017-11-14_13-44-51.png

Улуттук банк бул айда үчүнчү жолу долларды сатууга чыгарды. 13-ноябрда жалпысынан 2 миллион 250 миң долларлык интервенция жүргүзүлдү.

Ага чейин 10-ноябрда 3 миллион 100 миң, 8-ноябрда 19 миллион 450 миң доллар сатыкка коюлган болчу.

Улуттук банктын курсу боюнча бүгүн 1 АКШ доллары 69 сом 75 тыйын турат.

2015-жылы ноябрда доллар Кыргызстанда эң кымбат чекке жетип, 75 сомго барган. Кийин арзандап отуруп быйыл апрелде 67 сомго чейин төмөндөгөн, июндун аягынан тарта кайра кымбаттай баштаган.

Тег: Экономика

Яндекс.Метрика