Улуттук банк: доллар ай башынан бери 1 сомго арзандады

07:59 30.09.2016

Сентябрь ичи Улуттук банк тарабынан 10 миллион доллар сатылып, 16,8 миллион сатылып алынды.


1021786605.jpg



Улуттук банк бейшемби күнү валюталык рыноктон 10 миллион доллар сатып алгандыгы тууралуу маалымат банктын сайтына жарыяланды.

Америкалык валютанын расмий наркы бейшемби күнгө салыштырмалуу 22 тыйынга арзандап, 30-сентябрга карата 67,93 сомду түздү. Ал эми ай башынан бери доллардын расмий наркы 96 тыйынга төмөндөдү.

Жыл башынан бери алып караганда Улуттук банк 191,8 миллион доллар сатып алып, 118,13 миллион долларды саткан. Сентябрда үчүнчү ирет интервенция жүргүзүлүп 9 миллион 950 миң доллар сатылып, 6,8 миллион доллар сатылып алынды. Улуттук банк сомдун наркын бир калыпта кармап туруу үчүн интервенцияларды жүргүзүп келет.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика