Улуттук банк күздү 10 млн доллар сатуу менен баштады

16:32 02.09.2016

Жыл башынан бери башкы банк валюта базарына 131 миллион доллар саткан.





Улуттук банк бейшемби күнү валюта базарына 9,95 миллион доллар сатканын мекеменин сайтына жарыяланды.

Доллардын расмий курсу кечээкиге салыштырмалуу өзгөрбөстөн 68,9 сомдун чегинде турат. Ал эми жыл башынан бери Улуттук банк 131,1 миллион доллар сатып, 175,1 миллион доллар сатып алган.

Эскерте кетсек, өлкөнүн башкы банкы интервенцияга ар кандай себептер менен барат, анын ичине валюта курсун турукташтыруу да бар.

Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика