Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыкты 14/11/2016

09:09 14.11.2016

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыкты. Жума күнү өлкөнүн башкы каржы мекемеси 5 миллион доллардан ашык сатты. Адистер түшүндүргөндөй, интервенция валюта курсунун серпилүүсүн алдын-алуу үчүн жүргүзүлүп жатат.

Бирок, бул каржылык операция анчейин жыйынтыктарды бере элек, доллар куну дагы эле өсүп жатат. Учурга карата ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 68 сом 95 тыйындан сатып алып, кайра 69 сом 10 тыйындан сатышууда.


25002_w654_h402_resize.jpg


Теги: Акча каражаттары, Экономика

Яндекс.Метрика