Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыкты

09:49 20.07.2016

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыкты. Бул жолу өлкөнүн башкы каржы мекемеси 8 миллион 200 миң доллар сатып алды. Валюта рыногуна Улуттук банк доллар курсунун серпилүүсү үчүн чыгууга аргасыз.

Жума башынан тартып, америкалык валюта 10 тыйынга арзандады. Бүгүн Бишкектин акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар долларды 66 сом 90 тыйындан сатып алып, кайра 67 сом 10 тыйындан сатышууда.




Теги: Акча каражаттары, Экономика

Яндекс.Метрика