Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна кирди — долларды колдоо үчүн

09:35 15.09.2016

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна кирди.

Бул ирет долларды колдоо үчүн.




Кечээ өлкөнүн башкы каржылык мекемеси 6 миллион 800 миң доллар сатып алып, америкалык валютага суроо-талапты жогорулатуу аракетин көрдү.

Бул интервенция сентябрдагы экинчиси. 1-сентябрда Улуттук банк, тескерисинче, долларды алсыратуу үчүн дээрлик анын 10 миллионун сатып, көлөмүн көбөйтүүгө аракет жасаган.

Анын ортосунда, америкалык валюта акыркы күндөрү чынында солгундап баштаган. Азыр аны 68 сом 67 тыйынга сатып алышып, кайра 68 сом 77 тыйынга сатышууда.


Теги: Акча каражаттары, Экономика

Яндекс.Метрика