Улуттук банк сентябрдагы 3-интервенциясы менен чыкты

18:12 30.09.2016

Улуттук банк сентябрдагы 3-интервенциясы менен чыкты.


59BA01E5-1B21-4294-A044-3019F491DE86_w987_r1_s.jpg


Кечээ өлкөнүн башкы каржылык мекемеси валюта рыногунда туура 10 миллион доллар сатып алды. Муну менен Улуттук банк америкалык акчага суроо-талап жаратып, анын кунун колдоого аракет кылды.

Эске салсак, кечээ доллар дагы 30 тыйынга арзандап, 67 сомдук көрсөткүчкө түшкөн. Аны 67 сом 70 тыйынга сатып алышып, кайра 68 сомго сатып жатышкан.

Улуттук банк сентябрда буга чейин бир интервенциясын долларды арзандатуу үчүн жасаса, экинчисин курсун көтөрүүгө жумшаган.


Теги: Акча каражаттары, Экономика

Яндекс.Метрика