Улуттук банк валюта рыногуна 3,8 миллион доллар сатты

08:34 30.08.2016

Жыл башынан бери Улуттук банк 121 миллион долларды валюта рыногуна чыгарган.





Улуттук банк дүйшөмбү күнү 3,8 миллион доллар сатканы анын расмий сайтында жарыяланды.

23-августтан бери доллардын расмий курсу 48 тыйынга чейин көтөрүлүп, 30-августта 68,78 долларды түздү.

Ошентип Улуттук банк жыл башынан бери 121 миллион 180 миң долларды валюта рыногуна чыгарган. Андан сырткары, банк 175 миллион 130 миң долларды валюта рыногунан сатып да алган.

Улуттук банк интервенцияны түрдүү себептерден улам, анын ичинде валютанын курсун кармап туруу үчүн да жасайт.


Теги: Акча каражаттары, Экономика

Яндекс.Метрика