Улуттук банк жыл башынан бери доллар кандай өзгөргөнүн айтып берди

10:50 17.06.2016



Жалпысынан, 1-январдан 16-июнга чейин алганда валюта рыногундагы абал туруктуу. Жыл башынан тарта доллар 75,8 сомдон 67,8 сомго чейин арзандап, 10,6%га төмөндөдү.

Бүгүнкү күнгө чейин КРУБ 18 интервенция жүргүзүп, 91,75 млн доллар сатты. Улуттук банк, ошондой эле, долларды сатып алуу боюнча дагы 17 интервенция жасап, 120,97 млн доллар алды. Ошентип, долларды таза сатып алуу 29,23 млн долларды түздү.

2015-жылы доллардын курсу 58,89 сомдон 75,8 сомго чейин өсүп, 28,9%га жогорулаган.

14-июнга карата КРУБдун эл аралык резервдеринин көлөмү 1 млрд 983 млн долларга барабар болду.


Теги: Акча каражаттары, Экономика

Яндекс.Метрика