Улуттук банктан кезектеги интервенция
Улуттук банктан кезектеги интервенция. Жума күнү республиканын башкы каржы мекемеси дүйнөлүк валюта рыногуна чыгып, 6 миллион 750 миң доллар сатып алды. Адистер түшүндүргөндөй, интервенциялар ар кандай себептер менен өткөрүлөт, бирок басымдуу учурларда доллар курсунун серпилүүсүнөн улам аткарылат.
Белгилеп кетсек, жыл башынан тартып жалпысынан 160 миллион доллардан ашык сатылып алынды. Бүгүн ордо калаанын акча алмаштыруу жайларында долларды 68 сом 27 тыйындан сатып алышып, кайра 68 сом 45 тыйындан сатышууда.