ВИЧ инфекциясына кабылгандардын басымдуусу Чүй облусуна туура келет

09:33 19.09.2017

ВИЧ инфекциясына кабылгандардын басымдуусу Чүй облусуна туура келет. Мындай маалыматты Республикалык СПИД борборунун директору Улана Кадырбекова келтирүүдө.

Анын айтымында, буга чейин айыкпас дартка кабылгандардын көбү Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында катталып келсе, акыркы жылдары түштүктө абал турукташып калды. Өлкөдө ВИЧ-позитивдүү 7 миң 264 адам катталса, анын 2 миң 160ы Чүй тургундары, экинчи орунда Ош облусу, үчүнчүдө Бишкек шаары турат.


bolshie-ochki.jpg


Тег: Медицина

Яндекс.Метрика