«ВКонтакте» кооптуу деп эсептелген хэштегдер менен баракчаларды жаба баштады

17:55 16.02.2017

«ВКонтакте» кооптуу деп эсептелген хэштегдер менен баракчаларды жаба баштады.

Бул тууралуу «Медуза» маалымдайт.

Интернет сайттын өкүлү Евгений Красников түшүндүргөндөй, кеп кандайдыр бир коркунуч келтирүү жөнүндө эмес, хэштегдердин негизинде жеке кызыкчылык көрүүгө каршы чаралар тууралуу болуп жатат.

Белгилеп кетсек, буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик маалыматтык технологиялар комитети россиялык кесиптештерине кайрыларын билдирген.

Ведомство “ВКонтакте” сайтынан балдардын аң-сезимине кооптуу деп табылган 19 хэштегди блокко салууну суранмак.


Тег: Технология

Яндекс.Метрика