Яндекс.Такси Бишкекке келди

11:22 09.11.2017
full-1cc9f33b2d2ac73cb3c9971ca9a20eef-1474339062-1050x600.jpg

2017-жылдын 9-ноябры. Бишкекте Яндекс.Такси сервиси иштей баштады. Эми шаардын жашоочулары жана коноктору таксини мобилдик тиркеме аркылуу же сайттан заказ кыла алышат. Такси Кыргыз Республикасындагы алгачкы, толугу менен кыргыз тилинде локалдашкан тиркемеси бар таксини онлайн-заказ кылуу эл аралык сервиси болуп калды.

Машинаны заказ кылуу үчүн диспетчерлерге чалуунун кереги жок: Яндекс.Такси автоматтык түрдө колдонуучунун жайгашкан жерин аныктайт жана баарынан тез жетип келе ала турган айдоочуга заказды жөнөтөт. Таксини күтүүнүн орточо убактысы Бишкекте 5-7 мүнөттү түзөт, машинанын келе жаткандыгына тиркеменин өзүнөн эле тике шаардын картасынан көз салып турууга мүмкүн болот.

Бишкекте бирдиктүү тариф аракетте болот: машинаны берүү 25 сом турат, андан ары километрине 10 сомдон ашык эмес жана мүнөтүнө 1 сомдон жогору эмес. Мисалы, 60 сомго Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан Байтик Баатыр көчөсүндөгу «Вефа» соода жана оюн-зоок борборуна чейин жетип алууга болот. Шаардын чегинен чыккан кезде маршруттун ар бир километри 20 сомдон ашык болбойт. Жол тартуунун болжолдуу баасын жолдордогу тыгынды эске алуу менен колдонуучулар маршруттун финалдык чекитин көрсөтүшкөн кезде алдын ала көрүп турушат.

«Биздин технологиялар жана алгоритмдерибиз таксини ыңгайлуу жана транспорттун кымбат эмес түрү кылып жасоодо. Автоматтык түрдө заказды жакын турган айдоочуга берүү менен, биз машинанын келүү убактысын кыскартабыз жана, ушуга ылайык, кызмат көрсөтүүнүн наркын азайтабыз, анткени айдоочуга шаарды аралап кардарга баруунун кереги жок. Азыр Бишкектеги эң жеткиликтүү жол тартуулар бизде», — деп сөз кылат Яндекс.Такси эл аралык өнүктүрүү кызматынын жетекчиси Мушег Саакян.

Яндекс.Такси айдоочулар менен тике иш алып барбайт, ал болгон таксопарктар жана диспетчердик кызматтар менен кызматташтык жүргүзөт. Заказдарды бөлүштүрүү учурунда тиркеме колдонуучулардын баа бер..
Тег: Иштешуу

Яндекс.Метрика