Жаңы төрөлгөндөр үчүн сүйүнчү акча төлөнө баштады

09:09 04.01.2018
2018-01-04_12-38-50.png

Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү акча төлөнө баштады. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери Айкөл Турганбаева билдирди.

Анын айтымында, ар бир балага төрт миң сом өлчөмүндөгү сүйүнчү акчаны алыш үчүн жергиликтүү социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек.

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, энесинин паспорту жана жашаган жери, үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат талап кылынат:

- Сүйүнчү акчанын башка жөлөкпулдардан айырмасы, аны ушул үч гана документтин негизинде алса болот. Үй-бүлөнүн кирешесине байланбайт. Канча бала төрөлсө, ошончосуна, мисалы, эгиздердин ар бирине берилет. Жашаган жерине жараша төрт миң сомго тиешелүү коэффициенттер кошулат. Мисалы, Нарын облусунун Ат-Башы районунун айрым айылдары үчүн өкмөт аныктаган 1.8 коэффициентинин негизинде сүйүнчү акча 7200 сом болот, - дейт Турганбаева.

Адистин айтымында, сүйүнчү акчаны бала төрөлгөндөн тарта бир жыл аралыгында алса болот, андан кийин алууга укугу жок болуп калат.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика