Жалал-Абад облусунда дагы бир заманбап оорукана курулду

09:15 19.01.2018
Screenshot_11.png

 Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө заманбап оорукана курулуп, ишке берилди. Бул жерге дээрлик 7 миңге жакын адам келип дарыланып турат"-деп билдирет “Ас-Салам” коомдук кайрымдуулук фондунун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, оорукананы курууда көмөк көрсөткөн кайрымдуулук фондун жетекчиси Нурмухамед Миңбаевге жергиликтүү тургундар ыраазычылык билдиришти.

Имараттын ачылыш аземине "Ас-салам" коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Нурмухамед Миңбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Тег: Медицина

Яндекс.Метрика