Жаш жеткинчектер Ригада өткөн бий турниринде алтын утушту

14:00 18.12.2017
Screenshot_6.png

Ригада жай бийи боюнча Baltic Grand Prix-2017 бий турнири өтүп, анда Кыргызстандан барган жуп биринчи орунду багындырып, алтын медаль утушту.

Алексей Кибкало менен Татьяна Когадейдин шакирттери калаадагы №61 мектепте билим алышат: Сейдалиев Алишер 7-класс, Нурланова Айбийке 5-класс.

Турнир 15-декабрда башталып, 17-декабрда аяктаган. Иш-чарага Латвия, Литва, Эстония, Финляндия, Америка, Франция, Түркия, Кыргызстан, Швеция, Украина жана Россиядан жалпысынан 50 жуп катышкан.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика