Жээнбеков: Банк сектору өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошуууда

15:36 10.05.2018
1_mai_dlia_saitov_730x0.730x0.jpg

 Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнебков бүгүн, 10-майда Кыргыз Республикасынын банк чөйрөсүнүн кызматкерлерин к есиптик майрамы куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун текстин толугу менен келтиребиз:

«Урматтуу Кыргыз Республикасынын банк чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын банк кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Быйыл өлкөбүз улуттук валютанын – сомдун киргизилшинин 25 жылдыгын белгилейт. Өткөн чейрек кылым ичинде кыргыз сому өз алдынча акча-кредит саясатынын негизги каржаты гана болбостон, эгемендүү мамлекетибиздин көз карандысыздыгынын символу да болуп калды.

Бүгүн банк сектору калкка ар кандай кызмат көрсөтүп жана экономиканын артыкчылыктуу секторлорун каржылап, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошуууда. Банк кызматкерлеринин эмгеги менен финансылык туруктуулукка, банк жана төлөө системасынын коопсуздугуна жетише алдык.

Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, бай тажрыйбаңыздар жана билимиңиздер өлкөбүздүн банк системасынын мүмкүнчүлүктөрүнүн мындан ары карай өнүгүшүнө кызмат кылаарына ишенем.

Дагы бир жолу бардык банк кызматкерлерин кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Кыргызстандын өнүгүшү үчүн жемиштүү иштерди каалайм!»


Тег: Президент

Яндекс.Метрика