Жээнбеков иш сапары менен Бельгияга барат

16:09 06.04.2018
Screenshot_9.png

  2018-жылдын 11нен 12-апрелине чейин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бельгиянын борбору Брюсселге иш сапары менен барат. Ал Европа биримдигинин институтуна бармакчы. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Ал ЕБ Институту менен сүйлөшүүлөрдүн уландысы катары мамлекет башчынын алдыдагы сапары КР Евро биримдик менен кызматташууга өзгөчө маани берерин көрсөтүп турарын айтты.

“Биз туруктуу өнүгүү максатында ЕБди маанилүү өнөктөш катары эсептейбиз жана мындан дагы тыгыз аракеттешүүлөргө даярбыз. Белгилүү болгондой, Кыргызстандын европалык өнүгүү багытында кыйла маанилүү окуялар катары 2013, 2015 жана 2017-жылдардагы Бельгияга жогорку деңгээлдеги сапарлар саналат. Ошондой эле ЕБ тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерик Могерининин 2017-жылдын 9-ноябрындагы сапары ”, - деди ал.

Тег: Президент

Яндекс.Метрика