Жээнбеков КМШ мамлекет башчыларынын саммитине катышты

09:10 27.12.2017
2017-12-27_12-19-37.png

Президент Сооронбай Жээнбеков 26-декабрда Москвага болгон иш сапарынын алкагында КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты. Бул Жээнбековдун Орусияга жасаган экинчи иш сапары.

26-декабрда түшкө чейин Сооронбай Жээнбеков Казакстандагы эки күндүк расмий сапарын жыйынтыктаган. Анда казак президенти Нурсултан Назарбаев менен тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Сапардын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлуп, эки мамлекеттин лидерлери биргелешкен билдирүү кабыл алышкан.

Тег: Президент

Яндекс.Метрика