Жээнбеков: Өлкөбүз кылым карыткан улуу тарыхка ээ экендигин терең сезип, улуттук ар-намысты ыйык сактайлы!

10:36 07.11.2018
Screenshot_1.png

  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде ата-бабаларга жана комплекске коюлган мекендештерге арнап куран окуп, эстеликтерге гүлчамбар койду.

Кыргызстан элине кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу төмөндө толугу менен берилет:
“Урматтуу мекендештерим!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Быйыл Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү экинчи жолу белгиленип жатат.
Кыргызстандын тарыхы – сыймыктана турган тарых.

Россия империясынын курамындагы жөнөкөй эмес жылдар, 1916-жылдагы улуттук-боштондук үчүн күрөш жана Үркүн - элибиз үчүн чоӊ сыноолорду алып келди.

1917-жылы Россияда февраль, андан соң Улуу Октябрь Социалисттик революцияларынын жеңиши кыргыз элинин тагдырында кескин бурулуш жасады.
1924-жылы өзүнчө облус, андан соң Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы түзүлдү. Көптөгөн кылымдар мурда ажырап калган мамлекеттүүлүгүбүз кайра жаралды.

Совет мезгилинде Кыргызстандын экономикасы, маданияты, илим-билим, саламаттык сактоо дүркүрөп өстү, өнүктү. Өлкөбүз өнүккөн өнөр жайлуу-агрардык мамлекетке айланды.

Ошону менен бирге советтик доор саясий куугунтуктоолор, сүргүнгө айдоолор жана кулакка тартуулар, массалык репрессиялар менен коштолду.
Ал кездеги драматизмге жана трагедияга жык толгон окуялар кыргыз элинин тарыхында өчпөс кара так болуп сакталып калды.

Мындан туптуура 80 жыл мурда 5-7-8-ноябрь күндөрү ушул Чоӊ-Ташта мамлекетибиздин пайдубалын түптөгөн Жусуп Абдрахманов, Мурат Салихов, Осмонкул Алиев, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков жана башка 138 чыгаан инсандардын кырчындай өмүрлөрү кыйылган.

Жашыруун көмүлгөн сөөктөр ың-жыңсыз 53 жыл жатып, 1991-жылы гана Бүбүра Кыдыралиева эжебиз кыш чыгаруучу эски заводдун жүрөк титиреткен сырын ачыкка чыгарган.

Ал эми 1991-жылдын 30-августунда, Кыргызстан эгемендүү мамлекет болордон бир күн мурда, 138 адамдын сөөктөрү ак кепинделип, кастарланып, кайр а көмүлдү.

Алардын арасында улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматовдун сөөгү да табылган.

Тагдырдын буйругу экен, 2008-жылы Чыңгыз Айтматов дүйнө салганда анын сөөгү атасынын жанына, өзү "Ата-Бейит" деп атаган ыйык жайга коюлду...
Урматтуу мекендештерим!

Кыргызстанда 1932-жылы сүргүнгө айдалгандардын саны миңге жетсе, ал эми 1933-жылы “тап душманы”, кулак катары беш миңден ашык адам соттолгон.
Андан кийинки саясий куугунтуктоолор 1937-жылы өтө эле күчөп, 1939-жылга чейин жүргөн.

Жүздөгөн жумушчулар, дыйкандар, чыгармачыл, педагогикалык, техникалык интеллигенция өкүлдөрү, эл чарбасынын адистери, партиялык, комсомолдук кызматкерлер саясий куугунтуктун курмандыгы болушкан.

Жалпысынан кийинки изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына ылайык, Кыргызстан аймагында 20 миңден ашуун адам 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыгы болушкан.

Бул албетте, кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу, чоң трагедия болгон.

Өкүнүчтүүсү, жазыксыз жерден бийликтин каарына кабылып, атылып-асылып жок кылынгандардын сөөгү кайсы жерге жашырылганы көп жылдар бою белгисиз бол уп келген.

1996-1997-жылдары гана атайын жыйнактар чыгып, биринчи жолу акталган сегиз минден ашык адамдын тизмеси жарыяланган.

Ушундай эле ишти Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети быйыл улантып, 30-50-жылдардагы саясий репрессияга кабыл болгон 1898 жарандын тизмеси кирген “Тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү” деген аталыштагы үчүнчү жыйнакты кечээ жакында жарыя кылышты.

20 миңден ашык саясий репрессиялардын курмандыктары жөнүндө маалыматтар иретке келтирилип, көлөмү 3 миң беттик 10 томдон турган “Ак китеп” деген ат алышта басылма жарык көрдү.

Аталган китептер репрессияга туш болгон биздин жарандарыбыздын, алардын урпактарынын алдында жасаган эскерүү парзыбыз.

Мындан ары да бул ишти улантып, негизсиз абакка камалып, суроо-сопкуту жок атылып кеткендер тууралуу маалыматтарды чогултуп, жакындарына, жалпы коомчулукка жеткирүү зарыл.

Улуу ойчул жана гуманист Чыңгыз Айтматов айткандай, “Өткөндү эстеп, келечегибизди күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз”.
Кымбаттуу мекендештерим!

Бүгүн биз чогулган «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде алгач «эл душманы» деген айып менен атууга кеткен кыргыз элинин ошол кездеги чыгаан уулдарынын, тунгуч агартуучуларынын, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөгөн инсандардын сөөктөрү коюлган.

2010-жылы комплекстин аймагына Апрель элдик революциясынын жүрүшүндө курман болгондордун жаркын элесине арналып мемориал курулган. Алар өлкөбүздү авторитардык бийликтен коргоп, Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнө кеңири жол ачышты.

Ал эми 2016-жылы Үркүн трагедиясынын 100 жылдыгына арналып, атайын мемориалдык комплекс ачылган.

Азыр "Ата-Бейит" комплекси өмүрү, каны менен тарых жараткан кыраандар жаткан, Кыргызстандагы эч ким кыя өтө алгыс ыйык, зыярат кылчу жай болуп калды.

Кымбаттуу мекендештерим!

Азыр Кыргызстаныбызда өз тарыхын сыйлаган татыктуу коом өсүп келе жатат. Эң күчтүү граждандык коому бар мамлекетке айландык.

Тарыхты терең түшүнүү жана анын сабактарын эске алуу менен гана Кыргызстан келечекте өнүгүүнүн багыттарын туура аныктайт. Болочок муун үчүн бекем негиз түзөт. Азыркы дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлей алат.

БиÐ · ар бир этностун тарыхын жана маданиятын окуп-үйрөнүүгө, жайылтууга болгон умтулуусун урматтайбыз жана колдойбуз.

Ошол эле учурда ар бир кыргызстандык өзүнүн диний ишенимин жана этностук таандыгын унутпай, эӊ оболу өзүн Кыргызстандын жараны экендигин аӊдап түшүнүп, аны менен сыймыктана тургандай шартты түзүү зарыл.

Кыргыздар сан кылымдарды карыткан тарыхый жолунда өзүнүн улуттук идеясын, көөнөрбөс акыл-ой, рух дөөлөттөрүн жараткан.

Ошондой улуттук ыйык идеялардын бири — бул Ата Мекендин эркиндиги, көз карандысыздыгы.

Биз ата-бабаларыбыздын жана балдарыбыздын, келечек муундардын алдында мамлекетибизди жана эгемендигибизди көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз.

Кудай бизге бирдиктүү, күчтүү, өнүккөн Кыргыз мамлекетин курууга тарыхый мүмкүнчүлүк берди. Мына ошол мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы.

Тарыхтын татаал жолунда эчен-эчен сыноолордон өткөн Улуу Кыргыз урпактары экенибизди, биздин өлкөбүз кылым карыткан улуу тарыхка ээ экендигин терең сезип, кыргыздын туусун бийик көтөрүп, улуттук ар-намысты ыйык сактайлы.

Кадырман мекендештерим!

Биздин бир гана Мекенибиз бар. Ал – Кыргызстан!

Мекенибиз үчүн, кыргыз жери үчүн, адилеттик, эркиндик үчүн курман болгон мекендештерибиздин эстелигине таазим кылалы!

Элибиздин башына экинчи мындай караңгы күндөр түшпөсүн!

Жараткан элибизди ар кандай каргашадан, бөөдө кырсыктан сактасын!

Элибизге биримдик, жерибизге тынчтык берсин!”

Тег: Президент

Яндекс.Метрика