Жээнбеков: Региондорду өнүктүрүү - менин президенттик мөөнөтүмдөгү артыкчылыктуу маселе

13:16 23.01.2018
Screenshot_8.png

 Бүгүн, 23-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын алкагында түзүлгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун биринчи отуруму өтүп жатат.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүнүн толук текст төмөндө берилди:

Урматтуу Жумушчу топтун мүчөлөрү!

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Өлкөнү өнүктүрүү үчүн, биринчи кезекте, региондорду өнүктүрүү керек. Мен буга тереӊ ишенемин.

Айыл жеринде жетекчи болуп иштедим, губернатор болдум, Премьер–министр катары, Президенттике талапкер катары Кыргызстандын бардык булуӊ-бурчун кыдырып чыктым. Элдин талабын уктум. Бардык көйгөйлөрдү өз көзүм менен көрдүм.

Ошондуктан 2018-жылды – Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялаган Жарлыкка кол койдум.

Эмне үчүн региондорго өзгөчө көӊүл буруу керек? Кандай себептердин негизинде бул Жарлык жарыяланганын айта кетейин.

Региондордун өнүгүүсүндөгү дисбаланс көп жылдардан бери жоюлган жок. Аймактарды өнүктүрүү саясатын өзгөртпөсөк айырмачылык андан ары тереӊдей турган болуп турат.

Өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсү бир-эки гана аймакка көз каранды болуп калды. Өнүгүү зонасы Бишкектин тегерегинде гана болуп, жалпы өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылып турчу таяныч шаарлардын каркасы пайда болгон жок.

Мамлекеттин негизги эки экономикалык инструменти - салык-бюджет саясаты жана акча-кредит саясаты территорияларды өнүктүрүүгө түз түрткү бере албай жатат.

Мамлекеттик бюджеттин кирешелери негизинен бир-эки шаарда топтолуп, жергиликтүү бюджеттердин борбордон көз карандылыгы күчөдү. Айрым айылдардын өздөрү чогулткан кирешелери алардын борбордон алчу трансферттеринен аз болуп калган учурлар бар.

Акча-кредит саясаты территорияларды өнүктүрүү маселесине ылайыкташкан эмес, аймактарда бир дагы өз алдынча банк пайда болгон жок.

Экономикалык саясат тармактык принципке гана таянып, аймактардын өзгөчөлөгүн эске алууга ылайыкташкан эмес.

Региондорду өз ара салыштырганда да, айырмачылык чоӊ бойдон калууда. Дисбаланс көрүнүп турат, бири өнүксө, бири каралбай калып калууда. Анткени күчтүүсү бюджеттик да, гранттык да, кредиттик да каражатты тартып кетип жатат. Жашырганда эмне, кайсы региондон чиновниктер менен депутаттар көп болсо, капитал ошол жакты карай агып жатат. Аймактык лобби күчөдү. Ал эми калган региондордун өнүгүүсү артта калды. Өнүгүүнүн балансы бузулду.

Ошол себептен улам региондордун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүндө, калктын кирешелеринде жана жакырчылык деңгээлинде олуттуу регионалдык айырмачылык сакталууда.

Региондордун өнүгүүсүндөгү айырмачылыктар артта калган региондордун эмгекке жарамдуу калкынын ийгиликтүү региондорго көчүп кетүүсүнө алып келүүдө. Аймактарда эмгек ресурстарына болгон муктаждык Бишкек шаарына жана Чүй облусуна караганда бир кыйла төмөн. Бүгүнкү күндө Бишкек шаары жана Чүй облусу өлкөнүн региондорунан мигранттар тынымсыз агылып келип жаткан зона болуп калды.

Региондордон элдин көчүп кетүүсү жергиликтүү квалификациялуу эмгек ресурстарынын жетишсиздигин жаратып, аймактардын потенциалын азайтууда.

Бул көйгөйлөрдүн баарын рынок өзү чечет, мамлекеттин кийлигишүүсү зарыл эмес деген позиция жарабай калды. Мындан ары, бул көрүнүштү кескин өзгөртүү зарыл.

Региондорду өнүктүрүүгө системалуу мамиле жасап, бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн олуттуу, анын ичинде мыйзамдык жаңы чечимдерди кабыл алуу зарылчылыгы жаралды.

Ошондуктан, жумушчу топтун мүчөлөрүнүн төмөнкү маселелерге көӊүл буруусу зарыл.

Биринчи, бюджеттик жана гранттык жардамдарды бөлүштүрүүдө, салык топтоодо региондук дисбалансты жараткан субъективдүү мамилени жоюу керек.

Калктын жыштыгын, айылдын, райондун, облустун географиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аймактык пландаштыруунун критерийлерин жана стандарттарын иштеп чыгуу зарыл.

Бул ишти жалгыз эле каржы министрлигине калтырбай, башка министрликтер менен ведомстволор, жергиликтүү бийлик чогуу аракет кылып, элдин бакубат жашоого, сапаттуу билим алууга, ден соолукка, маданиятка жана спортко болгон муктаждыгын эске алышы керек.

Экинчи: Кредит саясатын аймактардын муктаждыгын эске алуу менен, туура жүргүзүү керек.

Улуттук банк акча-кредит саясатына региондорду өнүктүрүүгө багытталган жаӊы элементтерди кошуусу зарыл.

Бүгүнкү күндө жеңилдетилген пайыз менен берилүүчү насыялар, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттары плансыз, системасы жок эле бөлүштүрүлүүдө. Айрым аймактар өнүгүп, башкаларга көңүл бурулбай калып жатат. Ошондуктан инвестициялык каражаттардын ар бир аймактын кызыкчылыгына жана өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүшү зарыл. Айылбанк, Гарантиялык фонд, РСК банк муну эске алышы зарыл.

Үчүнчү: аймактарда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сатуу жана кайра иштетүү маселеси. Аймактарда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү ишканаларын курууну жандандыруу зарыл. Мисалы, өкмөттү башкарып турганымда сүт-азыктарын кайра иштетүүчү “Үмүт” сүт заводунун филиалдарын Таласта, Ошто ачтык. Бул аймактарда сүт сатуунун баасы жогорулады, элдин арасында сүт өндүрүү стимулу жана фермердик ишмердүүлүк жанданды.

Ички рыноктун потенциалын жогорулаткан ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу керек.

Төртүнчү - региондун экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн кайра иштетүү тармагына өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Ар бир облустун бренди болушу керек. Нарында этти кайра иштетүү, Баткенде өрүктү кайра иштетүү керек деп айтып келатабыз, бирок реалдуу өндүрүш курулган жок. Аймактарды адистештирүү маселеси да ушуга такалат. Чындыгында, аны эл өзү эле чечип жатат.

Бирок, бизде аксап жаткан маселе кайсы? Өз киндигин өзү кесип жаткан дыйкан жана фермерлерге колдоо көрсөтүүнүн натыйжалуу эместиги. Мамлекеттик маркетингдин жана эффективдүү башкаруунун жоктугу. Ишканалар менен иштешпейт. Артынан түшүшпөйт.

Мен Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондусуна, Кепилдик фондусуна, Айыл банкына тапшырма бердим. Элет жеринде өндүрүш ачууга багытталган долбоорлорго артыкчылык бериш керек.

Анын себептерин эл жакшы түшүнөт. Мына, биз ЕврАзЭСке кирдик, Өзбекстан менен чек ара ачылды. Демек конкуренция да күчөйт. Конкуренцияга туруштук бериш үчүн биз айыл чарбага, кайра иштетүүгө, дыйканчылыкка катуу колдоо көрсөтүшүбүз зарыл.

Бешинчи: Аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн, аларга эмне керек экендигин жакшы билем. Жергиликтүү калк менен болгон жолугушууларда негизинен – таза суунун жетишсиздиги, өнүкпөгөн ирригациялык система, социалдык объектилердин – мектептердин, ооруканалардын, бала бакчалардын жетишсиздиги, начар жолдор, сапатсыз тейлөө ж.б. турмуштук көйгөйлөр айтылат.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу жана санитария - Кыргызстанда негизги маселелердин бири.

Мунун айынан жергиликтүү калк ар кандай булактардан, агындылардан аккан сууну ичүүгө аргасыз болуп, түрдүү ооруларга чалдыгышат.

Ошондуктан мен Премьер-министр кезимде аймактарды өнүктүрүү концепциясын, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык системаларды өнүктүрүү программалары иштелип чыгып, кабыл алынган.

Өнүгүү үчүн кайсыл жерге, качан, кандай өндүрүш объектисин куруу керек экендигин жергиликтүү эл, региондогу бийлик жакшы билет. Аймактарды өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өкүлдөр менен чогуу иштөө керек.

“2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыктын максатынын бири – ушул программаларды ишке ашыруу болуп саналат. Жумушчу топтон аларды аткаруу багытында да жаӊы сунуштарды күтөм.

Алтынчы: Мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу системасын региондук жана жергиликтүү деңгээлде кайра карап чыгуу зарыл.

Азыр райондогу мамлекеттик администрациянын да, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин да мүмкүнчүлүгү чектелүү. Аларга мүмкүнчүлүк бериш керек. Бирок, ошол эле учурда катуу талапты да коюш зарыл. Ошондо реалдуу жоопкерчилик болот.

Азыр айылда суу жок болсо да, свет өчсө да, жол бузулса да эл Президентке кайрылат. Бул сыяктуу локалдуу маселенин баарын жеригиликтүү бийлик – аким, айыл өкмөт өздөрү чечиш керек. Жергиликтүү бийликтин ошол маселени чече турган каржылык, материалдык-техникалык дарамети болушу зарыл.

Ошондуктан жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү мыйзамдарды кайрадан анализдеп көрүп, аны өркүндөтүү зарыл. Көп учурда кабыл алынган мыйзамдар практикада толук кандуу иштебей, тескерисинче, тоскоолдук жараткан учурлары байкалат.

Күчтүү райондук бийлик гана региондорду өнүктүрүүдөгү реалдуу таяныч, күч болуп бере тургандыгы талашсыз маселе.

Биз, бүгүн райондук мамлекеттик бийликтин реалдуу таасирин күчөтүү менен, аларга ыйгарым укукту берүү менен гана региондорду алдыга чыгара алабыз.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктарын жана дараметин күчөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо - аймактык башкаруунун горизонталын бекемдейт, бюрократияны кыскартат, жергиликтүү жамааттын бийликке болгон ишенимин арттырат.

Айрым министрликтер менен ведомстволордун территориялык бөлүмдөрүн райакимдердин кароосуна өткөрүп берип, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ролун күчөтүү зарыл.

мен жумушчу топко жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин олуттуу күчөтүү максатында мыйзамдарды жана башка ченемдик-укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну тапшырам.

Жетинчи: Жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү дагы бир маселени атайын өзүнчө бөлүп айта кетейин.

Акыркы кезде айыл өкмөт башчысын же шаар мэрин шайлоодо жергиликтүү кеңеш жөндөмсүздүгүн көрсөткөн учурлар көп болууда. Жергиликтүү кеңештин төрагасын да шайлай албаган учурлар да жок эмес!

Мындай көрүнүштүн кесепетинен жергиликтүү кеңешти таркатып, жаңы шайлоо өткөрүү зарылдыгы келип чыгууда. А бул болсо кошумча каражат, кошумча убакытты, эмгекти талап кылууда.

Ачыгын айтканда, жергиликтүү аткаруу бийлигинин жетекчилерин шайлоо оюнга айланып жатат. Бул оюндардан улам мамлекет зыянга учурап жатат.

Эгер жергиликтүү кеңештин депутаттары жергиликтүү маселелерди чече албаса, анда ошондой жөндөмсүз кеңештин ыйгарым иштөө мөөнөтүнө мамлекеттик түз башкарууну киргизип, мамлекеттин ыйгарым укуктуу өкүлүн дайындоо аркылуу жалпы жергиликтүү кырдаалды башкаруу муктаждыгы келип чыгат.

Мыйзамда мамлекеттик түз башкаруу институту бар, бирок ал бир да жолу пайдаланылган эмес. Башкаруунун ушул куралын пайдаланууга убакыт жетти көрүнөт.

Урматтуу жумушчу топтун мүчөлөрү!

Жогоруда белгиленген максаттарды ишке ашыруу менен биз айыл жергесинде жашоо ыӊгайын жакшыртабыз, жеринде жумуш орундарын түзөбүз, миграцияны азайтабыз.

Өнүгүү деген өзүнөн өзү эле пайда болчу табигый процесс эмес, ал стихиялык жол менен, рыноктун күчү менен эле ишке ашпайт.

Региондорду өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан жумшалган күч, каржылык ресурс, бекем эрк керек. Өнүгүүнүн субъектиси – мамлекет болуш керек. Өнүгүү бир жылда эле болуп калбайт. Быйыл күчтүү импульс берилип, бул иштер кийинки жылдары дагы уланат.

2018-жылы региондорду колдоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү саясатын түп-тамырынан өзгөртүү үчүн бекем негиз түзүп, ар бир регион боюнча узак мөөнөттүү программаларды кабыл алуу керек.

Региондорду өнүктүрүү боюнча Жарлык - бул бир жылдык гана иш эмес, менин президенттик мөөнөтүмдөгү артыкчылыктуу маселе.

Тег: Президент

Яндекс.Метрика