Жээнбеков Сокулук районуна иш сапары менен барат

13:52 09.01.2019
Screenshot_3.png

 Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн региондору боюнча иш сапарларын улантууда. 2019-жылдагы алгачкы иш сапарын Мамлекет башчысы бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунан баштады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Иш сапарынын алкагында Президент Сокулук районунун тургундары менен жолугушат, «Агропродукт Азия» айыл чарба логистикалык борбору жана «Империал Групп Компани» бут кийим чыгаруучу ишкана менен таанышат.

Президент ошондой эле Сокулук районундагы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реабилитациялоо Борборуна да барат.

Тег: Президент

Яндекс.Метрика