Жээнбеков жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп жатат

12:00 19.07.2018
unnamed.730x400 (1).jpg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп жатат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга 40 өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган.

Жарандык сектор өкүлдөрү менен Мамлекет башчысынын диалогунун алкагында мамлекеттин турмушуна жана мамлекеттик органдар менен жарандык сектордун ортосундагы өз ара аракеттенүүгө тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашуу болмокчу.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүүдө.

Тег: Президент

Яндекс.Метрика