Жээнбековдун биринчи буйругу Атамбаевге КРнын Баатыры мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу болот

12:00 24.11.2017
Screenshot_6.png

 Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбековдун биринчи буйругу Алмазбек Атамбаевге “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу болот. Бул тууралуу бүгүн Жээнбеков инаугурация салтанаты учурунда билдирди.

Салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Жээнбеков шайлоо учурунда элибиз даанышмандыгын көрсөткөнүн белгилеп, өлкөнүн жаркын келечегин колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле өлкөнүн өнүгүшү үчүн Алмазбек Атамбаевдин зор салымын белгиледи.

“Сиздин Кыргызстан жана кыргыз эли үчүн өтөгөн эмгегиңиз үчүн, сиздин акылмандыгыңыз жана даанышмандыгыңыз үчүн Сиз “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку наамына жана “Ак Шумкар” өзгөчо белгисине татыктуусуз. Элибиздин атынан Ата Мекендин алдындагы кызматыңызды таануу ирээтинде бул белгини сизге тапшыруу мен үчүн сыймык болот. Өлкө президенти кызматына киришкен соң, менин биринчи Буйругум сизди сыйлоо жөнүндө болот”, - деди ал.

Тег: Президент

Яндекс.Метрика