Жер көчкөн аймакка "өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, элдер көчүрүлүшү мүмкүн

09:00 30.04.2018
31496376_1665242726904022_4251418689850572800_n.730x0.jpg

Жалал-Абад шарына жана Сузак районуна "өзгөчө кырдаал" режимин киргизүү жана жашаган жарандарды эвакуациялоо маселелери каралып жатат,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-апрелде Сузак районунун Сары-Булак айылында жер көчүп, Көк-Арт дарыясынын суусун жаап калган.

“Эгер жер көчкүнү суу жарып кетсе, жакын жайгашкан калктуу конуштарга суу каптоо коркунучу бар”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда жеринде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Теги: Окуялар, Коомчулук

Яндекс.Метрика