ЖККУнун жашыруун маалыматтын сакталуусун өз ара камсыздоо протоколуна түзөтүүлөр киргизилүүдө

14:00 11.01.2018
19a5b307521b2ac0587708e093d4224984703639.730x0.jpeg

Жогорку Кеӊеште Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматтын сакталуусун өз ара камсыздоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалды. Мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен кошумча каржылык чыгым талап кылбайт. Ошондой эле, протокол КР Өкмөтүнүн жашыруун маалыматтын сакталуусун өз ара камсыздоо жөнүндөгү саясатына туура келет.

Тег: Өкмөт

Яндекс.Метрика