“Журналисттер” бирикмесине Азамат Тынаев төрага болду

11:25 16.10.2016

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жаңы төрагасы болуп белгилүү журналист Азамат Тынаев шайланды. Бирикменин башкармалыгынын 15-октябрдагы жыйынында уюмду 10 жылдан бери жетектеп келген Марат Токоевдин ордуна Тынаевдин талапкерлиги каралып, жактырылды. Ошондой эле башкармалыктын жаңы мүчөсү катары жаш журналист Рахат Саламатова кирди.

Тынаев фейсбуктагы баракчасына бул бирикме өлкөдөгү кадыр-барктуу уюмдардын бири экенин белгилеп, анын ишин өнүктүрүүгө аракетин көрөрүн билдирди.

“Журналисттер” бирикмеси өлкөдөгү сөз эркиндигин коргоо жана журналисттердин кесиптик чеберчилигин арттыруу жаатында иш алып барган өкмөттүк эмес уюм.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика