Жыл башынан бери доллар 8 сомго арзандады

14:12 15.06.2016

Жыл башынан бери АКШ доллары 8 сомго арзандаган.

Эгерде 2016-жылдын 1-январында америкалык валюта сатып алууда 75,6 сом, сатыкта 75,986 сом болсо, учурда орточо баа менен долларды 67,8 сомго сатып, 68 сомго сатып алууга болот.

Доллардын баасынын арзандашы жылдын биринчи кварталына туура келет. Январь айынан март айына чейин доллар 8 сомго баасын жоготкон жана ошондон бери сезилерлик түрдө кескин өзгөрө элек. Апрель айынан июнь айына чейин америкалык валюта орточо эсеп менен 68 сомдон бааланды. Өткөн жылы 15-июнда доллардын орточо баасы 60 сом болгон.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика